Эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүсү жыйынтыкталды

0
960

2022-жылдын 16-сентябрь күнү саат 16:00до КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ТР УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин сүйлөшүүсү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен ок атууну токтотуу боюнча чечимге келишти. Ошондой эле чек арадагы оор техникаларды артка кайтаруу боюнча сүйлөшүлдү. Сүйлөшүүнүн натыйжасында эки облустун башчылары жетектеген атайын штаб түзүлүп, өз ишин баштады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь