Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
“Мерседес-Бенц” жана “Хонда Стрим” унаалары сүзүшкөн жол кырсыгы Бишкек – Ош жолунун 210-чакырымында Ала-Бел ашуусунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болду.
Анын ичинде милиция кызматкери, жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери,
— 1949-жылы туулган жубайлар,
— 1987-жылы туулган айдоочу,
— 1965-жылы туулган аял,
— 2001-жылы туулган кыз бар.
Учурда ооруканада жаракат алган эки кыз бар, алар КР Ички Иштер Министрлигинин Академиясынын курсанты экендиги айтылат.






