Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы шаар аймагындагы криминогендик абал боюнча маалымат берип, шаар жашоочуларын кылмыштуулуктан оолак болууга жана үй-бүлөлүк чыр-чатактарга жол бербөөгө чакырды.
Ошондой эле, элге сервистик тейлөө көрсөтүү жана кылмыштуулуктун алдын алуу багытында шаар аймагында милициянын көчмө кабылдамасы күн сайын иш алып барып жаткандыгы да айтылды.






