Баткенде “Нелегал-Трафик” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунун милиция кызматкерлери социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаранды аныктады. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, бул боюнча жазык кодексинин Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Баткен облусунун 33 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, коомго таркатылган материалдар экспертизанын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экендиги белгилүү болгон.






