Баткенде аялдарга диний экстремизмди алдын алуу боюнча жыйын өттү

0
860

Бүгүн, 18-июнда Ички иштер министрлигинин демилгеси менен облустук милициянын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында аялдар жамаатына диний экстремизмди алдын алуу боюнча облустук деңгээлде жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Жолугушууда аялдардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, дин жаатындагы сабаттуулукту жогорулатуу, мыйзамдарда каралган жоопкерчиликтер тууралуу кенен түшүндүрмө беришти.

Белгилей кетсек, бул иш-чара экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь