21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы маалымдады.
“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.
20-сентябрдан тартып чек ара аймактарында жарылбай калган жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн режимде кайтарылууда.






