Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын 5 жаштагы тургуну Илхамов Саидазимдин сөөгү саат 23:45 чамасында табылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн короосуна, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторного зыянын тийгизген.
Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылган.
Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен. Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам, сел жүргөн.11:54