Баткенде 3 гектар жер ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

0
10

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен шаарындагы бул жер тилкеси 2018-жылы мыйзамдарды бузуу жолу менен мамлекеттин балансынан жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен азыркы менчик ээси өз ыктыяры менен жалпы аянты 3 гектар болгон жер тилкесин Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткен мамлекеттик объектилерди мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган иштерди улантууда.