Кызыл-Кыя шаарынын тургунунун үйүндө наркотикалык зат табылды

0
2390

Сүрөт: Баткен ОИИБи

Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 63 жаштагы тургуну жашаган турак үйүнөн жана анын кийип турган кийиминин чөнтөгүнөн жашыл түстөгү наркотикалык затка окшогон, жалпы салмагы 45 граммга жакын зат табылган. Бул тууралуу  облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Табылган наркотикалык затка тийиштүү экспертиза дайындалып,жыйынтыгыда наркотикалык заттын “марихуана” түрү экендиги аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь