Баткен облусунун Лейлек районундагы Лейлек айылынын кичинекей тургуну Анас Гапаралиевге Лейлек районунун баш имам-хатибинин атайын сертификаты тапшырылды.

Анас Гапаралиев 10 жашта болгонуна карабай, 2 жыл 6 айда 30 пара Куранды толук жаттап бүтүргөн. Ошондуктан ага кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибиятынын атынан атайын белек ыйгаруу чечими кабыл алынган.
Дин аалымдары “Эгер кимде-ким Куран жаттаган болсо, акыретте анын ата-энесине алтын таажы кийгизилет. Бүгүн ушул баланын ата-энеси эң бактылуу инсандардан болду. Ушундай жаш балдар көбөйө берсин. Алган илимине Аллахым береке берсин. Ар дайым тилинен, дилинен Куран түшпөсүн. Куран нуру менен ар дайым нурданып жүрө берсин”, -деген баталарын беришти.
Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарынын борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте 8 жаштан 12 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана «Адеп Башаты» фонду биргеликте уюштурган сынакка дин кызматкерлери жана тургундар катышты.
Жарышка 100 бала катышып, ар бир катышуучуга кызыктыруучу белектер берилды. Ал эми алдыңкы 12 балага баалуу белектер жана грамоталар тапшырылды.







