Баткен районунун Боз-Адыр айылынын таза суу долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат. Таза суу долбоорун аталган айылдын тургуну Эрнест Ирапов демилгелеп, “Ихсан Хайрия” фонду тарабынан 20 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөнүн райондук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.
Таза суу долбоорунун алкагында Боз-Адыр айылындагы ар бир үйгө таза суу киргизилет. Түтүктүн узундугу 14 чакырым.






