Милиция, хайп үчүн Бишкектеги №49- мектепке массалык теракт жасайм деп, социалдык тармакка чыккан окуучуну.
Ал Бишкектеги мектептердин биринин 7-классынын окуучусу экени айтылат.
Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм бычагы, “Макаров маркасындагы тапанчасы жана 34 даана түтүк бомбасы бар экенин айткан жана “мен баарын бирден өлтүрөм”, — деп жазган.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
“Окуучу бул кылыгын жаңы катталуучуларды тартуу жана хайп жасоо үчүн жасаганын билдирген”, — деп белгиленет маалыматта.






