13-октябрда Бишкек шаардык мэриясы ишкерлердин колдоосу менен Баткен облусунун чек арада жабыркаган жарандарына шарты бар,убактылуу үйлөрдү жөнөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтына жазылды.


Мэриянын маалыматына таянсак, мындай колдоо Бишкектеги ири курулуш компаниялары жана соода борборлорунун, бир катар базарлардын жана ишканалардын колдоосу менен ишке ашкан.

Алгачкы үйлөрдөн 16 үй Баткенге жөнөтүлгөн. Жакынкы күндөрдө дагы 12 үй Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 үй даярдалат,-деп кошумчалайт мэрия.
Белгилей кетсек, маалыматта убактылуу үйлөр темир контейнерлерден даярдалып, жашоо үчүн шарттары түзүлгөнү айтылат.
Сүрөттөр: Бишкек шаардык мэриясы






