21-сентябрга карата Баткен облусуна 1053 тонна гуманитардык жардам жеткирилди
Жардамдар КР ӨКМтарабынан жеткирилүүдө. Ошондой эле республиканын аймактарынан чогултулган жардамдарды, жарандар жерине өз алдынча да жеткирүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тажик тараптын кол салуусуна байланыштуу, 2022-ж. 21-сентябрь саат 08:00гө карата, жалпы Баткен облусу боюнча 136 770 жаран эвакуацияланган.
Анын ичинен 3721 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларда болсо, Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1247 жаран жайгашып турат.
Жалпы болуп, Баткен облусундагы жана Ош шаарындагы убактылуу кабыл алуучу жайларга 4968 жаран жайгашкан.
Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.






