Жогорку Кенештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетти

0
496

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талант Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызмат ордунан өз каалоосу менен кетти. Бул тууралуу Жогорку Кенештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Төрага Талант Мамытов өлкөдөгү коомдук-саясий абалды турукташтыруудагы парламенттин ролу маанилүү экенин белгилеп: «Жогорку Кеңеш ар дайым эң оор мезгилде жоопкерчиликти мойнуна алып, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн өз милдетин так аткарып келген», — деди жана өлкөнүн Конституциясы баш болгон маанилүү чечимдер кабыл алынганын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Төрага Талант Мамытов кесиптештерине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, бул кызматтан кетүү чечими өз каалоосу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь