Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрүнө жөлөк пул төлөөнүн талаптарын жөнөкөйлөтүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү сунуштады.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
«Үй-бүлөдөн бирөө чет өлкөгө чыгаары менен жөлөк пул төлөө токтоп калат. Бул туура эмес, анткени мигрант качан жайгашып, ишке орношуп, үй-бүлөсүнө жардам бере баштаары белгисиз. Бул норманы мыйзам чегинде бекитиш керек», — деди Надира Нарматова,
Бул боюнча Министрлер кабинетине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.