Жогорку Кеңеште Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча акыркы макулдашуулар талкууланды

0
727

10-октябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоору талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жыйында алгач сөз сүйлөгөн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалыматына таянсак, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участоктор Кыргыз Республикасына калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Алар,Гавасай, Көк-Серек, Баястан, Унгар-Тоо, Кара-Белес, Ак-Таш, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү.

“Өзбекстан Республикасы 1000 гектар жерди Ош облусунун Өзгөн районуна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна берет”, – деген Камчыбек Ташиев документке кол коюлуп, ратификациялангандан кийин Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейээрин кошумчалады.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында калаарын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калаарын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылып жатканын айткан Камчыбек Ташиев:

“Суу башкарууну эки мамлекеттин өкүлдөрү, кыргыз тараптан 4, өзбек тараптан 4 адам жүргүзөт”,– деди.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары документтин долбоорун кеңири талкуулашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь