Жашы жете электерге нике окуган молдо 5 жылга эркинен ажыратылат

0
885

Бүгүн 7-февралда Баткен шаарында зордук зомбулуктун жана эрте никеге туруунун алдын алуу тууралуу жыйын болуп өттү. Бул иш чара Баткен райондук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулган.

Жыйналышка бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, райондук прокуратуранын өкүлү жана активисттер катышты.

Жыйын талкуу иретинде өткөрүлүп, эрте никеге туруунун кесепеттери, зордук зомбулуктун зыяндуулугу боюнча сөз болду.

Айрыкча өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери байма-бай өткөрүлүп, алдын алуу сөзсүз керектиги айтылды. Эгерде зордук зомбулуктун алдын албаса коомчулук арасында орчундуу көйгөй жараалары белгиленди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь