Кыргызстандын Ички Иштер Министрлиги жаш кызды Түркияга сексуалдык кулчулукка сатууга шектүү 31 жаштагы аял кармалганыны маалымдады.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Түркияга жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды жиберген аял тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан кыз адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдарды соодалоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.






