5-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Аримжан айылындагы 100 батирлүү 25 социалдык турак үйдүн курулушу аяктап,пайдаланууга берилди. Үйлөр аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелерге берилди. Ар бир үйдө бардык заманбап шарттар түзүлгөн.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү билдиргендей, курулушту «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси каржылаган. Ал эми жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык шаарчага 3 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Маалыматка ылайык, социалдык шаарчага 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, ФАП, мечит жана дүкөн, кичи футбол аянтчасы да курулган.