Баткендеги жугуштуу илдеттер ооруканасынын имараты пайдаланууга берилди.

0
741

7-октябрдан тарта ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда 63 киши дарыланып жатат. Облус боюнча бейтаптарга 500дөн ашык орун даярдалган.

БИШКЕК, 12-окт. – Sputnik. Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.

  • Старое здание Баткенского областного ЦСМ было перепрофилировано и сдано под инфекционную больницу на 90 коек. 12 октября 2020 года

1 / 4
© ФОТО / ЗУЛЬФИЯ ТУРГУНОВА
Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди

Анын айтымында, 7-октябрдан тарта ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады. Учурда 63 киши дарыланып жатат.

«Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. Үч ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду», — деди Бердигулова.

Облуста коронавирус менен ооругандар үчүн жалпы 538 орун даярдалган.

Акыркы статистика боюнча, Баткен облусунда коронавирустан 41 адам айыкса, 86 киши жуктуруп алган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь