ВИЧ менен жашоо: мигрант айымдын чыныгы окуясы

0
22

Кыргызстандык мигрант айымдын тагдыры — ВИЧ диагнозу, дискриминация, рак жана миграциялык тоскоолдуктар менен күрөш. Анын окуясы – көпчүлүк жашыруун көтөрүп жүргөн оор темалардын чыныгы жүзү. Ал 10 жылдан бери дарыланып, вирусу басылган абалда жашап келет. Бүгүн ал өз тажрыйбасын бөлүшүп, аялдарды ден соолукка убагында кайрылууга чакырат.

«ВИЧ менен жашоо: мигрант айымдын чыныгы окуясы»

Суроо–жооп форматында маек

Редакция: Биз бүгүн ВИЧ диагнозу менен жашоо, миграция, коомдук мамиле жана адамдын күчү тууралуу маек курмакчыбыз. Каарманыбыз аты-жөнүн ачык айтууну каалабайт. Биз аны Айым деп атайбыз.

 

— Айым, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Балалык жана жаштык жылдарыңыз кандай өттү?

— Мен Кыргызстанда кадимки эле үй-бүлөдө чоңойдум. Мектепте жакшы окуп, келечекте окууга тапшырам деп кыялданчумун. Бирок үй-бүлөдө каражат жетпей, ЖОЖго бара албай калдым.

— Алгачкы турмушуңуз кандай болду?

— Жаш кезде үйлөндүм, бирок нике узабай ажыраштык. Кызым менен ата-энемдин үйүнө кайтып келдим.

— Москвага баруу чечими качан болду?

— Убакыт өтүп, жакшы жашоо издеп көпчүлүк сыяктуу Москвага барууну чечтим. 2004-жылы тааныштар аркылуу бардым, иштеп жашай баштадым.

— Ал жакта башыңыздан кандай кыйынчылыктар өттү?

— Биринчи жигитим менен жашап жүргөндө катуу уруш чыгып, ал мени бычактап салган. Ооруканага түшүп, кан куюшту. Ошондон кийин аны менен ажырашып кеттик.

— ВИЧ тууралуу шек качан пайда болду?

— Кийин башка жигит менен турмуш кура баштаганда ден соолугум начарлап, 2007-жылы анализ тапшырсак, анда менде ВИЧ болушу мүмкүн деген шек чыгарышты. Бул күндөр мен үчүн эң оор күндөр болду.

— Ошол учурда жаныңыздагы адам кандай реакция кылды?

— Ал мени таштаган жок, колдоду. Биз бардык нерсеге карабай уланып жашадык. Бирок кийин экөөбүз жолубузду бөлүп алдык.

— Ооруканалардан жардам издеп жүргөндө кандай мамиле көрдүңүз?

— Чындыгында, айрым дарыгерлер эшиктен кууп чыккан учурлар болду. ВИЧ жөнүндө укканда карай албай коюшту. Ушундан улам өзүмдү жалгыз сезип жашырып жашадым.

— Кыргызстанга качан кайтып келдиңиз?

— Ден соолугум таптакыр начарлап калганда мекениме кайтып келдим. Ош шаарына барып анализ тапшырсам, иммундук клеткаларым болгону 49 экен.

— Сизди кайра күчтөндүргөн нерсе эмне болду?

— Ошол кезде мага жолуккан Гульмира деген дарыгер. Ал бардык суроолорума жооп берип, мага үмүт берди. 2015-жылы дарыланууну баштадым. Андан бери вирус жок деңгээлде кармалып турам.

— 2025-жылы башка дагы бир диагноз коюлганын айттыңыз…

— Ооба, гинекологго барсам жатын моюнчасынын рагы экен. Эң коркконум — «ВИЧи бар» деп операциядан баш тартпайбы деген ой болду. Бирок баары тескерисинче болду: дарыгерлер мага жакшы мамиле кылып, операцияны ийгиликтүү жасашты.

— Азыркы учурда жашооңуз кандай?

— Азыр Москвадамын, дары-дармегимди үзбөй ичем, өзүмдү жакшы сезем.

— Сизди азыр көбүрөөк эмне ойлонтот?

— Мени түйшөлткөн маселе — Россияда ВИЧ менен жашаган мигранттарга мыйзам катуу. Легалдашуу кыйын. Кыргызстанга кайтып кетейин десем, бул жакта жумушум жана жашоом бар. Ошол эки жолу таразалап жатам.

— Башка аялдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Өзүмдүн башымдан өткөндү айтам:
убагында анализ тапшырып, врачка кайрылып, ден соолукту жашырбагыла.
ВИЧ — бул өмүрдүн бүтүшү эмес. Дарылоо бар, жашоо бар. Өзүңөрдү коргоп жүрүгүлө.

— Соңунда айткыңыз келген каалоо-тилек?

— Маалымат алуу, убагында кайрылуу – өмүрдү сактап калат. Менин окуям да башкаларга сабак болсо экен дейм.