Ур-токмокко кабылган эки жашар кыз комадан чыкты

0
608

Баткенде өгөй атасы тарабынан сабалды делген эки жашар кыздын абалы орто деп бааланууда. Бул тууралуу Салам Медиага Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков  билдирди. 

Бөрүбековдун айтымында,  сабалган кыздын абалы орто деп бааланып, облустук оорукананын  сыныктар бөлүмүнө которулуп, дарылануусун улантып жатат.  

7-июнда Баткендин Жаңы-Жер айылынын эки жаштагы тургуну облустук ооруканага оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыздын таенеси ал өгөй атасы тарабынан сабалганын айтып, милицияга арыз жазып, “Уруп-сабоо,кыйноо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Шектүү катары Баткендин Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну кармалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь