Украинадагы кыргыз элчиси мекендештерге кайрылды

0
1105

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идирис Кадыркулов, Украинадагы азыркы абал, Кыргызстандыктардын ахыбалы боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды.

Ал азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин Элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар, Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын толук аткарып жатат. Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда,-деп кайрылды. 

Ошондой эле Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам — өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар-деп кошумчалады элчи.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь