Лейлек райондук милициясынын жетекчилеринин биринин үйүнөн Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында ,Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилеринин биринин үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, Кыргызстанга мыйзамсыз келген коңшу мамлекеттин 3 жараны аныкталды.
Кармалгандардын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн билип туруп,алардын кылмыш иштерин токтотуунун ордуна, милиция кызматкери аларга жашоосу жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү үчүн шарттарды түзгөн.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат деп айтылат маалыматта.






