УКМК акыркы протокол чек араны тактоо иштери аяктаганга чейин жарактуу экенин билдирди

0
502

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протокол чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Буга чейин маалым болгондой, кечээ 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптан тең төрттөн посттун ишмердүүлүгү азырынча токтотулду.
Учурда аталган аймактарда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну тараптардын көчмө чек ара отряддары ишке ашырып, алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган каттамдар боюнча так өтүшөт.
Кол коюлган протоколго ылайык, тараптар Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара калкынын бул аймактарда жайгашуусуна уруксат бербөөгө милдеттенишет, бул чек ара мыйзамдуу түрдө катталганга чейин чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууну жокко чыгарат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коомчулукту тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын негизсиз сындоолорго жана чек арадагы чыңалууну сактоого кызыкдар болгон чакырыктарга алдырбоого, о э чек арадагы талаштуу маселелерди өз ара пайдалуу жана тынчтык жолу менен тез арада чечүүгө өлкө бийлигине жардам берүүгө чакырат.
Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын комиссиясынын тиешелүү иштери уланууда- деп белгиленет, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь