Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун жер үстүндөгү суу ресурстары лабораториясынын башчысы Ольга Стрижанцева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөдө мөңгүлөр азайып баратканын билдирди.
Анын айтымында, акыркы 50-70-жылда Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында да температуранын жогорулашына байланыштуу чоң мөңгүлөр ээрип, майда мөңгүлөр көбөйүүдө.
«Көбүнчө мөңгүлөрдүн ээрүүсүнөн тоолордо майда көлдөр көп пайда болуп же толуп кетүүдө. Анын жыйынтыгында мөңгү суулары дарыяларга кошулуп өлкө аймагында сел, суу каптоолор көбөйүүдө”, — дейт ал.
Мөңгүлөрдүн азайышынан жана суу булактарынын булганышынан улам ичүүчү таза сууга жетүү көйгөйлөрү дагы курчуп баратат.






