Бүгүн, 18-июнь жана 19-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел каптоонун алдын алып, арыктарды таза кармоону өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!