Токмок шаарында мал базарда карыянын акчасын уурдагандар изделүүдө (видео)

0
867

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, «учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Аталган факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды» – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык тармактарда Токмок шаарындагы мал базарда 120 миң сом акчасын уурдатып, ыйлаган карыянын видеосу тараган. Атага кайдыгер эмес жарандар 117 миң сом акча чогултуп беришкенин видеодон көрүүгө болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь