Тергөөчүгө төрт миң доллар  пара сунуштаган тургун кармалды

0
511

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Облустук милициянын билдирүүсүнө караганда, кармалган тургун, өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн райондук милициянын тергөөчүсүнө 4 миң доллар сунуштаган.

Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын өкүлдөрү биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, пара сунуштаган тургун, параны тергөөчүнүн колуна берген жеринен кармалды.

Шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь