Тажикстанга 3 тонна пиязды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

0
1444

УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Бүгүн 22-февралда Лейлек районунун Сада жерлигинде 47 жаштагы жаран жүк ташуучу унаасы менен 3 тонна пиязды Тажикстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылганда кармалды.

Ал жаран кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлерине каршылык көрсөткөн. Документтер толтурулгандан кийин айдоочу унаасы жана жүгү менен тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь