Тажикстандан аткезчилик менен мүшөк алып чыккан жаран кармалды

0
1643

Баткенде чек арага жакын айылда аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Айдоочу Баткен районунун 1983-жылы туулган тургуну экени аныкталды.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери бүгүн 25-ноябрда саат 10:30 чымасында Кара-Бак айылынан чыгып келе жаткан “БМВ-520” үлгүсүндөгү унааны текшерүү үчүн аны токтотууга аракет кылышкан. Айдоочу баш ийбей, качууга аракет кылган. Ага карабай унаа Баткен шаарынын аймагынан кармалган.

Унаадан алты чоң мүшөккө салынган 500 даанадан турган 3000 даана турмуш тиричиликте колдонулуучу мүшөктөр табылган. Кармалган жаран мүшөктөрдү Тажикстандын аймагынан аткезчилик жолу менен алып келгени айтылат.

Аталган факт Баткен райондук милициясына каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь