Тажикстандагы жер титирөө Ошто 4 баллга чейин сезилди

0
861

Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунун аймагында да сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн саат 9:47де Тажикистандын аймагында катталып, очогунда күчү 5 баллга жеткен.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь