Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан Ош облусундагы жогорку окуу жайларында билим алышкан 500 студентти-Тажикстан Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө депортациялоо пландалып жатат деген маалымат тастыкталган жок.
Бул тууралуу КРнын Ички иштер министрлиги билдирет.
Кыргыз—тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатак башталгандан баштап укук коргоо органдары тарабынан Бишкекте жана башка шаарларда жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан тажик улутундагы жарандардын коопсуздугу камсыздалууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери менен тынымсыз байланышып жатышат. Чет өлкөлүк элчиликтерди, анын ичинде Тажикстандыкын кайтаруу күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө-деп белгиленет маалыматта.






