Тажик тараптын кол салуусунан Баткен облусунда 365 турак үй жабыркаган

0
334

Эртең 22-сентябрдан тарта, Баткен облусунунчек ара аймактарында бузулган объектилердин ордуларын тазалоо иштери башталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунун аймагына ӨКМ тарабынан 615 куткаруучу, 53 бирдик техника тартылган.

“Алар гумжардамдарды кабыл улуу, түшүрүү, жеткирүү иштерин аткарууда. Куралдуу кагылышууда жабыркаган объектилер изилденип, келтирилген чыгым эсептелүүдө.

Кыргыз тараптан 365 турак үй, алты стратегиялык объект, тогуз социалдык объект,168 сарай, 168 тиричилик камсыздоо объектиси, 16 автоунаа жабыркаган”, — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь