Тажик тарап кыргыз жарандарынын бир канча мал мүлкүн кайтарып берди

0
3811

Тажик Республикасынын Ворух аймагынын милициясы Баткен районунун Ак-Сай айылынын жашоочуларына таандык болгон 14 жылкыны жана эки автоунааны өткөрүп берди.

Маалыматты КРнын Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тастыктады.

Буга чейин маалым болгондой, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында, эки тараптын укук коргоо органдары биргеликте иш алып барып жаткандыгы айтылган.

Белгилей кетсек, 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда, Ак-Сай айылында 180 үй тонолуп,өрттөлгөн. Тургундар мал мүлктөрү да жоголгонун айтышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь