Бул тууралуу КР Ички Иштер Министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 22-сентябрь күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагына келишкен Тажикстандын жарандарын жана этникалык тажиктерди кысымга алуу, коркутуу, кемсинтүү жана аңдуу учурлары акыркы күндөрү болушу мүмкүн деген билдирүүсүн жарыялаган.
Коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дүйнөлүк коомчулуктун алдында биздин өлкөнү атайылап каралоо аракетин көрүп, аны менен кошо өздөрүнө өздөрү карама-каршы пикир жаратып жатканын белгилейбиз.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Кадамжай районунда этникалык тажиктердин соода-сатык дүкөндөрү жабылып, чек арага чектеш райондордогу Кыргызстандын жарандарын атайылап этникалык тажиктердин үйлөрүнө жайгаштырып жатышат деп айтылган.
Бул маалыматты текшерүү учурунда дүкөндөрдүн жабылышы тастыкталган жок. Ал эми коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандарды этникалык тажиктер үйлөрүнө өз ыктыярлары менен киргизишкен. Коомчулукта алар активдүү позицияны ээлеп тургандары үчүн аларды эч ким талкулоого укугу жок-деп белгиленет маалыматта.






