Ташиев менен Ятимов  Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту

0
555

Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимовдун катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйыны өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык,  жыйында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, калган участкаларда мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна тапшырмаларды беришти.

Жыйын достук жана өз ара түшүнүшүнүү маанайында өттү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь