Ташиев чек арадагы алынган бекетер боюнча түшүндүрмө берди

0
2435

Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган бекеттер боюнча түшүндүрмө берди.
Ташиев заставаларды эки тарап алуусуна буга чейин улам-улам кайталанып келген чыр-чатактар себеп болгонун айтты.
«Анткени бул заставалар эки тараптан тең бетме-бет турчу. Алардын арасында ортосундагы аралык 50 метрди түзгөнү бар. Аскерлер бири-бири менен бир аз айтыша кетсе эле атышып жатып калышат. Анан “сен биринчи баштадың, жок сен биринчи ок чыгардың” деп бири-бирибизди күнөөлөп жатып калабыз. Башкача айтканда, эки тараптын заставларынын өтө жакын жайгашуусу кырдаалдын курчушуна себеп болуп келген. Эми алардын алынышы менен эмнелер өзгөрдү?
Заставалар алынган менен чек арада бир метр ары же бери жылган жок, жылбайт дагы. 24 саат бою көзөмөлдө турат. Азыр 21-кылым. Технологиянын заманы. Спутниктен, учкучсуз учуучу аппараттан, дрондордон көрүп турабыз. Мындан тышкары, аскерлерибиз, жергиликтүү элибиз өз көздөрү менен көрүп турат. Жергиликтүү эл ар бир сантиметр жерди билет. Андыктан “посттор ачылды” деп элдин башын айлантпагыла. Посттор ачылган жок. Посттор качан гана чек ара тилкелерди тактап бүткөндөн кийин гана ачылат. Өлкө жетекчилигинин чечими ошондой.
Элди дүрбөлөң кылып, арам ойлорун ишке ашыргысы келгендерге айтаарым: кыялыңар ишке ашпайт. Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, “менден кийин эмне болсо ошол болсун” деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз», — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, кечээ 25-сентябрда «Кызыл-Бел-автожол» чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары баштаган жетекчилердин жолугушуусу өттү. Анын жыйынтыгында эки тараптуу протоколго кол коюлуп, натыйжада эки тараптан төрттөн пост алынаары маалымдалган.
Тагыраагы, «Тамдык» заставасынын (КР) жана «Бедак» заставасынын (ТР), «Булак-Башы» постунун (КР) жана «Кех» постунун (ТР), «Катта-Туз» постунун (КР) жана «Каракчикум» постунун (ТР), Чайхан жериндеги «Ак-Сай» постунун (КР) жана Ходжай-Аъло жеринде «Шаршара» постунун (РТ) аймактарында чек араны коргоонун ар кандай түзүмдүк бөлүктөрүн алып салууну жана мындан ары жайгаштырбоону макулдашкан.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу мобилдик чек ара күзөттөрү тарабынан ишке ашырылат, алар чек араны так белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча жүрүшөт — деп белгиленген, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь