Түркиядагы шайлоодо Эрдоган добуштардын 53% алды

0
366

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү.

Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча, Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык шайлоо үкөктөрү орнотулган.

Түркиянын шайлоо борборунун маалыматына караганда, шайлоонун экинчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өткөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь