Сууга агып бара жаткан баланы куткарып калган жол сакчысы сыйланды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.
Милициянын майору Аскар Токоевди, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чакырып, ыраазычылыгын билдирип, “Баткен облусуна 20 жыл” медалын тапшырды.
Белгилей кетсек, 8-октябрь күнү саат 10:30 чамасында Баткен шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору Аскар Токоев жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүп, каналда агып бараткан жаш баланы көрүп калган. Ошол замат сууга түшүп, агып бара жаткан баланын суудан алып чыгып, өмүрүн сактап калган