Жалал-Абад шаарында 22 адам ууланып, ооруканага жаткырылды.
Жалал-Абад шаарындагы массалык уулануу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта бир бейтаптын абалы оор экени айтылат .
Жабыркагандар шаурма жегенин айтышкан. Учурда Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө деп айтылат маалыматта.