Самбо боюнча кыргызстандык спортчу дүйнө чемпиону болду

0
673

Кыргызстандык спортчу Бекболот Токтогонов 98 килограмм салмактан жогоркулар арасында дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

Ошондой эле Кыргызстандын курама тобунан Дайырбек Карыяев 79 кг. салмакта күжүрмөн самбо боюнча алтын, Феликс Уланбеков 71 кг. салмакта күмүш, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмакта Саяк Бараканов коло байгеге ээ болгон.

Бишкекте 11-13-ноябрь күндөрү өткөн дүйнөлүк мелдешке Кыргызстандын атынан 21 спортчу катышкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь