Салык кызматынын лотереясынын эки байгеси жокко чыгарылды

0
501

Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушундагы эки байге iPhone 13 жана микротолкундуу меш боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай чечимди лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы кабыл алган.

Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарын сактоосун текшерүүдө аныкталгандай, эки байге ээси лотереянын талаптарын бузууга жол беришкен.

Маалыматта айтылгандай, Бекмырза Улугбеков башкы бухгалтер болуп иштеген уюмдун ККМ кассалык чектерин сканерлеген. Утуш учурунда бул катышуучунун 3 билети байгелүү болуп чыкты, алардын ичинен биринчи утуш микротолкундуу меш болду. Шарттарга ылайык, кийинки эки утуш лотерея системасы тарабынан автоматтык түрдө жокко чыгарылды.

iPhone 13 байгесин утуп алган Рызвангуль Хашимова башка мамлекеттин жараны болуп саналат, бирок “Салык чек” тиркемесине катталууда лотереяга катышуу талаптарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын мөөнөтү өтүп кеткен паспортунун ЖИНин көрсөткөн.

Натыйжада, эки жеңүүчү тең утуштарын ала алышпайт деп айтылат маалыматта.

Лотереянын шартына ылайык, берилбеген байгелер 1-октябрда боло турган экинчи турдагы байге фондуна өтөт.

Салык кызматы жарандарды толугу менен ачык жана чынчыл өткөрүлүп жаткан лотереяга катышууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь