Президент Садыр Жапаров азыркы сааттарда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинин ачылышына катышып, сөз сүйлөп жатат.
Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин маалым болгондой бүгүн 13-октябрда Казакстандын Астана шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу да болоорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирген.
Бул жолугушууда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.
Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген, россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган-деп жазылат маалыматта.






