Сүлүктүдө жерин мыйзамсыз кеңейткендерге айып пул салынды 

0
472

Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына караганда, Баткен региондук мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы Сүлүктү шаарынын Советская жана Б.Мамбетов көчөлөрүндөгү жеке үйлөргө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. 

Жыйынтыгында өз билемдик менен жер участкаларын мыйзамсыз кеңейткен жарандарга акт түзүлүп, укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Бекитилген жер участогун өзүм билемдик менен кеңейтүү” беренесинин негизинде айып пулдар салынды жана жерди алгачкы калыбына келтирүү боюнча эскертү кагаздары берилди, – деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь