Сүлүктү шаарында үч мекемени бириктирген маданий борбордун курулушу жүрүп жатат. Ал үчүн облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 50 млн сом бөлүнгөн.
Облустук бийликтин маалыматына караганда, бул борбор бүткөрүлсө шаардагы китепкана, музей, музыкалык мектеп жана маданий борбордун кызматкерлери жайгаштырылат.
Маданий иш чараларды өткөрүү үчүн 230 орундуу чоң залы болот. Имарат жыл соңуна пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.
Музейде шаардын 155 жылдык тарыхын чагылдырган 2200дөн ашуун экспонаттар, тарыхый материалдар, фото сүрөттөр сакталуу болсо, борбордук китепкананын китеп фонду 45 миңден ашуун. Ошондой эле балдар искусство мектебинде 125 окуучу музыкалык билим алууда.






