Раззаковдо уурулукка шектелип 61 жаштагы тургун кармалды

0
1104

Лейлектин Тогуз-Булак айылынын 61 жаштагы тургуну Раззако шаарвнан телефон уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Раззаков шаарындагы Дадасьян көчөсүндө жүк ташуучу унаада дарбыз сатып отурган Лейлек районунун тургуну телефонун уурдатып алгандыгын жергиликтүү милицияга кабарлаган.

Милиция кызматкерлери ыкчам иш-чаранын алкагында, шекүүнү кармаган. Тергөөнүн жүрүшүндө, кармалган жаран мас абалда телефонду Мерседец-Бенц ГИГАНТ үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен алып койгондугу белгилүү болуп, учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь