Раззаковдо опузалап акча талап кылып жүргөн аял кармалды

0
627

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районунун Раззаков шаарында, Раззаков шаарынын 20 жаштагы тургуну Ак-Суу айылынын 53 жаштагы тургунун коркутуп “сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем аны бардык элдер көрөт, үй-бүлөң көрөт” деп шантаж кылып жабырануучудан 10миң сом акча алып, арадан эки күн өткөндөн кийин кайра 15миң сом акча талап кылып, акчаны алып жаткан жеринен Лейлек райондук милициясы тарабынан кармалды.

Бул факты боюнча жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы күндө шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь