Раззаковдо 60 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

0
3

УКМК Раззаков шаарында 2001-жылы мыйзамсыз менчиктештирилген, баасы 60 миллион 800 миң сомду түзгөн жер тилкеси жана консерва цехинин күнөскана имараты мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жалпы аянты 76 сотыхты түзгөн  жер тилке Раззаков шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлдү.